• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 11-октябрда күндүн экинчи жарымында жана 12-октябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө.

Ал эми Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

13-октябрда айрым жерлерде жаан-чачын жаашы күтүлөт. Абанын температурасынын төмөндөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

14-16-октябрларда туруксуз аба-ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ал эми 16-октябрда абанын температурасы мындан ары төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 7…12°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 5…10°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 11…16°, тоо этектеринде түнкүсүн 0…5°, күндүз 3…8°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз 1…6°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5°, күндүз 6…11°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулука чейин, күндүз 2…7°, бийик тоолордо түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулука чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий