Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 1, Нарын облусунда - 1, Баткен облусунда - 1, Ош облусунда - 1, Талас облусунда - 1 өрт кырсыгы катталган. Өрт кырсыгынан адам өмүрүнө коркунуч келтирген учур катталган жок.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 4 кырсыкка ыкчам түрдө жардам көрсөтүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий