Кыргызстандын аймагында бир жумада 21 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 31-июлунан 6-августуна чейинки аралыкта Кыргызстандын аймагында 21 миң 129 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

– тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 196;
– мас абалында автоунаа башкаруу - 251;
– автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 57;
– жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1 565;
– транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 311;
– автоээнбаштык - 9;
– белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 720;
– жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу - 1;
– башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 019.

Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 415 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий