• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулук районунда бир нече ирет уурулук кылган адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Сокулук районунда бир нече ирет уурулук кылган адам кармалды, - деп билдирет Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аймактык милиция бөлүмүнө Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочулары алардын үйлөрүнө кирип, үй оокаттарын уурдап кеткен адамдарга карата чара көрүүнү суранып, арыз жазышкан.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тергөө кызматтары тарабынан тиешелүү органдарга тапшырмалар берилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө, кылмышка бир нече адамдардын тиешеси бар экендиги аныкталып, шектүүлөрдүн бири Жалал-Абад облусунун 33 жаштагы А.А., аттуу тургуну кармалган.

Экинчи шектүү жаран боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүүдө.

Маалым болгондой, келтирилген зыяндын баасы 40 миң сомду түзгөн.

Алардын башка дагы ушундай кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Учурда бул факт боюнча сотко чейинки иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий