• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Зыяндын ордун толтурган. Жүрөк хирургиясы институтунун директору үй камагына чыгарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 14-февралында Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим-изилдөө институтунун директору Таалайбек Кудайбердиев кармалган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Белгиленгендей, мамлекеттин кызыкчылыгына 1 млн 97 миң сом зыян келтирилген.

16-февралда Кудайбердиевге карата “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү соттун чечими менен айыпталуучуга карата үй камагына чыгаруу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген 1 млн 97 миң сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толук толтурулган.

20-февралда кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна кароого жөнөтүлгөн. Учурда иш каралып жатат.

Пикир

Оставить комментарий