• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

ИИМ каржы пирамидаларына акча салуунун тобокелчиликтери тууралуу эскертет

Коом 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Ички иштер министрлиги мыйзамсыз схемаларга акча каражатын салуунун тобокелчиликтери тууралуу эскертет.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандардын көңүлүн азыркы учурда салым салуудан киреше убадалаган күмөндүү ой жараткан жарандардын сунуштары көбөйүп жаткандыгына бурат.

"Каржы сабаттуулугунун төмөндүгүнөн кесепетинен көптөгөн жарандар алдамчылардын торуна түшүп калуу тобокелчилиги бар. Тез байып кетүү мүмкүнчүлүгү боюнча сунуштар менен алдашып, алар ишенчээк жарандардан көптөгөн акчаларын алышат. Белгисиз жарандар кандайдыр-бир нерселерге салым салууну сунушташат, бирок ошол эле учурда алардын схемалары ойго келбеген убадалар менен айырмаланышат", - деп айтылат маалыматта.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы эгер жарандарга аз убакыттын ичинде кирешесин олуттуу көбөйтүү сунушталса, булар виртуалдык алдамчылар болушу мүмкүн экенин белгилейт. Жогорку кирешенин кепилдиктерине ишенүүнүн кереги жок. Мисалы, Telegram мессенджеринде белгисиз адамдар болжолдуу кирешелүү инвестициялардын долбоорун жарнамалашууда. Шилтемени басуу менен кызыккан адам телеграм-ботко кирет. Ал жерден алар тез акча сунуштап, баарлашып, ынандыра башташат. Алгачкы “халал” салым салуу 100 АКШ доллар экени көрсөтүлгөн.

Белгилүү бир аялдын атынан жүргүзүлгөн канал бар, анда ал тез жана жогорку кирешени убада кылат. Ийгиликтүү акча которуулар жөнүндө отчеттор чатта жарыяланып, видеолор жайгаштырылат, анда ал тапкан акчасы үчүн мактанат. Андан соң, бул аял каражаттар кепилденген түрдө кайтарыла турганын айтып, азгыра баштайт.

Ал эми мындай каналдар көп, алар жогорку кирешени убада кылып, аларды криптовалютага салууга көндүрүшөт.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы бардык каржы пирамидалары алдамчылык долбоорлор экенин, алар ошондой эле кирешелүү салымдарды туурап, укмуштуудай жогорку пайыздык чендер менен акча салууну сунуштап, кепилденген кирешени убада кылып, досторду активдүү тартууну суранарын маалымдайт.

Пикир

Оставить комментарий