• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Кыргызстандын аймагында нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16-18-майында өлкө аймагында нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт.

Буга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ жарандарга селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий