Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-23-апрелде түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°, 24-апрелде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.
Пикир
Оставить комментарий