• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстандын аймактарында автобекеттерди оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймактарында автобекеттерди оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Нарын облусундагы Ат-Башы автобекетинин аймагында оңдоо иштери жүрүп жатат. Оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасы аткарууда. Мында жүргүнчүлөргө жагымдуу шарт түзүү максатында вокзалдын ичи акталып, сырдалып, айланасы темир тосмо менен тосулду.

Ошондой эле Кочкор районунда жаңы автобекет куруу үчүн 1,44 га жер аянты “Нарын автовокзалы” филиалына бекитилип берилди. Учурда курулушту баштоо үчүн эски имаратты бузуу жумуштары жүрүүдө. Мындан тышкары, жыл аягына чейин Ак-Талаа автостанциясынын имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү мерчемделип жатат.

Белгилей кетсек, Каракол шаарындагы автобекеттин аймагында да оңдоо иштери кызып, бүгүнкү күндө бордюрларды орнотуу менен жер иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий