• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Эмилбек Абласанов Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Абласанов Эмилбек Эшенкулович дайындалды, тийиштүү буйрукка бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Эмилбек Абласанов 1971-жылы 24-июлда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында туулган. Билими жогорку, курулуш тармагында эмгек тажрыбасы чоң. Кара-Үнкүр көчмө механикалык колоннасыда курулуш участкасынын мастери болуп иш тажрыйбасын баштап, КРнын Социалдык фондунун Ноокен райондук бөлүмүндө, КРнын Финансы министрлигинин алдындагы экономикалык өнүгүү мамлекеттик фондунда, Ноокен райондук мамлекеттик админстрациясында, КРнын Социалдык фондунун Базар-Коргон райондук бөлүмүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын курулуш департаментинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасында, жеке курулуш компаниясында иштеген.

Акыркы учурларда Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармалыгынын капиталдык курулуш бөлүмүндө башчылык кызматын аркалаган.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтынын 3-класстагы кеңешчиси.

Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мадаминов Шукурали Астанович өз каалоосу менен жумуштан кеткендигине байланыштуу, жаңы жетекчи болуп Эмилбек Абласанов дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий