• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстандын аймактарында токойду мыйзамсыз кыюуга каршы иштер жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. 24-26-сентябр күндөрү Жылыл-Абад жана Ысык-Көл облустарында токойлорду мыйзамсыз кыюуга каршы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районуна караштуу Каба токой чарбасынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз бак-дарактарды (отундук) кыйып ташып бара жаткан 6 даана авто унаа кармалган, жалпысынан 10 м3 бак-дарактарга (отундук) 83 миң 530 сом зыян келтирилген.

Мунун ичинен 46 миң 980 сом өндүрүлүп, 36 миң 550 сом өндүрүлө элек. Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн унаа токтотуучу жайына 2 автоунаа токтотулуп кылмыш иши козголгон. Ал эми кыйылган бак-дарактар (отун) Каба токой чарбасынын кеңсесине алынып келинип секвестрленди.

Токой кызматынына караштуу Каракол токой чарбасынын Жергез токойчулугунун 2 токой кыдырмасынан Кайырма-Арык айылынын тургуну мыйзамсыз 5 даана кызыл карагай (сосна) кыйганы аныкталып, токой фондусуна келтирилген зыян 5 341 сомду түзгөн. Келтирилген зыянды өндүрүү максатында Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө тийиштүү иш кагаздары өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий