• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында жазгы талаа иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жазгы талаа иштери уланууда, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бул жылы Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айыл аймагында 41 гектар аянтка буудай, ал эми 45 гектарга арпа эгүү пландалган.

"Айыл башчылары тарабынан жергиликтүү дыйкандарга буудай талааларын көбөйтүү керектиги айтылууда. Азыркы учурда жумуш иштеринин дээрлик 80 пайызы аяктоо алдында. Азыркы тапта күзгү себүүдөгү буудай, арпалар өнүм алып, ички сугат арыктары тазаланууда", - деп айтылат маалыматта.

Аталган аймактык башкармалыктын бул жылга болжолдуу пландалган иш мерчемдерине ылайык, жалпы 41 гектар аянтка буудай, ал эми 45 гектарга арпа эгүү каралган. Азыркы учурда буудайдын 30 гектардан ашууну эгилип бүттү. Бул багыттагы үрөн аянттарын көбөйтүү боюнча жергиликтүү дыйкандарга да түшүндүрүү иштери алып барылып келет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Тайгараев аймактык башкармалыгында жалпы 1 миң 186 гектар жерде талаа жумуштары аткарылса, алардан 650 гектарына көп жылдык тоют чөптөр эгилет.

Пикир

Оставить комментарий