Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстанда өлкөнүн ар бир аймагында туристтик базаларды куруу долбоору ишке аша баштайт.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, бул долбоордун алкагында ишкерлер жаңы туристтик жайларды гана түзбөстөн, иштеп жаткандарын да модернизациялоого мүмкүнчүлүк алышат. Негизги көңүл тейлөөнүн сапатына, экологияга жана коопсуздукка бурулат.
"Туристтик базалар" долбоору өлкөнүн аймактарында туризмди өнүктүрүү стратегиясынын маанилүү элементи болуп саналат. Бул демилге туризм инфраструктурасын жакшыртууга жана бардык аймактардын потенциалын толук пайдаланууга, ошондой эле жергиликтүү жана элдик туристтерди да тартууга багытталган.
Инвесторлорду жана ишкерлерди колдоо
Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти Кылычбек Рысалиев туристтик дестинациялардын өкүлдөрү менен онлайн жолугушууда билдиргендей, долбоор инвесторлорду мамлекеттик колдоо чараларынын комплексин камтыйт.
Тактап айтканда, «Элдик Банк» ААК жана «Айыл Банк» ААК «Туристтик базалар» долбоорлорун артыкчылыктуу багыт катары кароо маселеси каралууда. Ошондой эле, Областарды өнүктүрүү фонддору туристтик борборлорго байланыштуу долбоорлорго артыкчылыктуу колдоо көрсөтөт. Ишкерлерге алгачкы этапта жеңилдиктер берилет, анын ичинде бир жылга чейин жер салыгынан бошотулат. Жер тилкелерин ижарага берүү мөөнөтү бир жылдан эки жылга чейин болот, ал эми курулуш аяктагандан кийин 49 жылга чейин узартууга мүмкүнчүлүк берилет.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду керектүү документтерди даярдоого жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелерин берүүгө көмөк көрсөтөт. Бардык катышуучулар эскиздик долбоорлорду тапшырышы керек жана ишке ашыруу үчүн негизги каражаттарга ээ болушу шарт. Ошондой эле иштеп жаткан объектилерди кеңейтүү же жаңыртуу мүмкүнчүлүгү каралууда.
Долбоор инвесторлор үчүн кенен мүмкүнчүлүктөрдү ачат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары, мигранттар жана диаспоранын өкүлдөрү туулган аймактарын өнүктүрүүгө каражат жумшай алышат, бул туристтик инфраструктуранын өсүшүнө кошумча түрткү берет.
Талаптар
Өтүнмөчүлөрдү тандоо комиссия тарабынан төмөнкү критерийлерге негизделип жүргүзүлөт: туристтик тармакта же туристтик объектилерди куруудагы тажрыйба, каржылык туруктуулук, негиздүү бизнес-пландын болушу, долбоорду ишке ашыруунун реалисттик мөөнөттөрү, сунуштардын инновациялуулугу жана өзгөчөлүгү, ошондой эле экологиялык стандарттардын сакталышы, тазалоо курулуштарынын болушу жана аймакты жашылдандыруу. Мындан тышкары, кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу зарыл.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жогорку сапаттагы тейлөөнүн, уникалдуу каттамдардын жана стандарттарды, анын ичинде комфортту жана коопсуздукту катуу сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт. «Ар бир база жайгашкан аймактын өзгөчөлүктөрүн чагылдырышы керек», - деп белгиледи Кылычбек Рысалиев. Ал ошондой эле «тапчан бизнесин» токтотууга убакыт келгенин айтып, ишкерлер керектүү ыңгайлуулуктары бар толук кандуу туристтик объектилерди куруусу керектигин белгиледи.
Долбоор өлкөнүн ар бир аймагында жаратылыш ландшафтынын өзгөчөлүгүн жана туруктуу өнүгүү принциптерин эске алуу менен туристтик объектилерди жана базаларды курууну же реконструкциялоону карайт. Туробъектилер төрт мезгилге ылайыкташтырылган болушу керек. Мындан тышкары, К.Рысалиевдин айтуусунда, Фонд Туризм департаменти менен бирге жетекчилер жана кызматкерлер үчүн сапат стандарттарын иштеп чыгууда, бул өз кезегинде натыйжалуулукту жогорулатууга жана кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга багытталган.
Күтүүлөр
Туристтик объектилерди куруу жана модернизациялоо, ошондой эле контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) ишке киргизүү жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү бюджеттерге салыктык түшүүлөрдү камсыз кылууга мүмкүндүк берет, бул жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүнү каржылоонун кошумча булагы болуп калат. «Туристтик базалар» долбоору көптүрдүү таасирге ээ болуп, транспорт жана айыл чарба сыяктуу тармактарга оң таасир тийгизет, жергиликтүү тургундар үчүн турак жай берүү, продукция сатуу жана экскурсияларды уюштуруу аркылуу кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.
Инвесторлорго алгачкы этапта колдоо көрсөтүлөт, бул туризмди өнүктүрүүнү жана экологиялык стандарттарды сактоонун эсебинен экологиялык абалды жакшыртууну камсыз кылат. Долбоор ошондой эле инвестицияларды тартууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача алат, анын ичинде Кыргыз Респубикасынын жарандары жана диаспоранын өкүлдөрү, алар туулган аймактарын өнүктүрүүгө каражат жумшай алышат, бул регионалдык инфраструктуранын өсүшүнө жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга түрткү берет.
Мындан тышкары, эл аралык стандарттарга жооп берген туристтик объектилердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашы күтүлүүдө, бул туристтерди көбүрөөк тартууга жана айыл жергесинде экономиканын өсүшүнө кошумча стимулдарды жаратат.
Пикир
Оставить комментарий