• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте ишембиликтин алкагында дээрлик 400 тонна таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 06.04.24. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында ишембилик өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, ишембилик шаар аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында уюштурулган.

Ошентип, ишембиликтин алкагында саат 15:00гө карата 396 тонна таштанды чыгарылды. Чогултуу иштери уланууда. Ошондой эле шаар тургундары жана уюмдар тарабынан 2 миңден ашык көчөт отургузулду.

Ишембиликке Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, төрт райондук администрацияларынын, министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик органдардын жана мекемелердин, чарбакер субъекттердин кызматкерлери чыгып,бекитилген аймактарды тазалоо иштерин жүргүздү.

Мындан тышкары, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери бекитилген участокторду тазалашты.

Ишембиликке бектилген аймактар боюнча 567 мамлекеттик, муниципалдык мекеме, ишканалар жана чарба субъекттери катышты, алардын ичинен:
Ленин району - 134;
Октябрь району - 158;
Биринчи май району -118;
Свердлов району - 157.

Ошондой эле ишембиликке тиешелүү аймагы боюнча 1445 чарба субъектилери катышты, алардын ичинен:
Ленин району - 402;
Октябрь району - 367;
Биринчи май району - 218;
Свердлов району - 458.

Шаарды тазалоого дээрлик 27,9 миң шаар тургуну, анын ичинен 7 миңден ашууну мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышты.

«Тазалык» ишканасынын 50 атайын техникасы жана «Бишкекжашылкурулуш» ишканасынын 10дон ашык атайын техникасы жана башка кызматтардын 40тан ашык атайын техникасы тартылган.

Белгилей кетсек, ишембилик борбор калаанын инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий