• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте «Менин ден соолугум – менин укугум» жарышы өттү — фоторепортаж

Ден соолук 0

Бишкек, 06.04.24./Айпери Кожоева — Кабар/. Бүгүн Бишкекте 2 миң адамдын катышуусунда «Менин ден соолугум – менин укугум» урааны астында жарыш өттү.

Марафон Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулуп, 1,5 км аралыкты түздү.

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско, грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова баштаган спортчулар, министрлик жана ведомстволордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле медицина кызматкерлери, калаа тургундары жана коноктору катышты.

Массалык чуркоо иш-чарасынын алкагында «Ден соолук чатырчалары» уюшулуп, катышуучулар саламаттыктын негизги көрсөткүчтөрү боюнча текшерүүдөн өтүштү.

Өз сөзүндө саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ар бир адамдын күнүмдүк жашоосуна физикалык активдүүлүктү интеграциялоонун маанилүү экендигин белгиледи.

Ал Кыргызстандын бардык жарандары сергек жашоого укуктуу жана өзүнүн физикалык жана психикалык жыргалчылыгына кам көрүүгө жооптуу экендигин белгилеп кетти.

БДСУнун КРдагы өкүлү Ливиу Ведраско бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, ушул жылдагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн: «Менин ден соолугум – менин укугум» урааны маанилүү экендиги тууралуу эскерте кетти.

"Чынында эле ден соолук – бул жөн гана артыкчылык эмес, бул ар бир адамга жеткиликтүү болууга тийиш болгон ар бир адамдын фундаменталдык укугу. Бүгүн биз аралыктан чуркап өтүү үчүн эле эмес, ошондой эле биздин негизги укугубуз болуп саналган ден соолукту колдой турганыбызды тастыктоо үчүн чогуу стартта турабыз. Эсиңиздерде болсун, биз бүгүн жасай турган ар бир кадам бизди дени сак жана бактылуу келечекке жакындатат», - деди ал.

Белгилей кетсек, 7-13-апрель күндөрү өтө турган Ден соолук жумалыгынын алкагында өлкөнүн ар бир облусунда сергек жашоо мүнөзү, оорулардын алдын алуу, ошондой эле спорттук маданиятты өнүктүрүү тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга багытталган иш-чаралар өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий