• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ТИМ: Екатеринбургда кыргызстандык жигит ок жеп ооруканага түштү

Коом 0

Бишкек, 06.04.24. /Кабар/. Екатеринбургда кыргызстандык жигит ок жеп ооруканага түштү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, күн мурун, 5-апрелде Россиянын Екатеринбург шаарынын Автомагистральная көчөсүндө эки адамдын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташ жана ок атышуу менен аяктаган. Жабырлануучу 30 жаштагы К.у.А аттуу кыргыз жараны болгон. Ал тез арада Екатеринбург шаарындагы №23 ооруканага жеткирилген.

ТИМден белгилешкендей, кол салган адам кылмыш болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда полиция кызматкерлери ок аткан адамды табуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Башкы консулдуктун кызматкерлери ошол эле күнү жабырлануучуга барып, жакындары менен байланыш түзүштү, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, жарандын абалы туруктуу жана жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарылышы күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий