• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстандын айыл чарба тармагында ири 100 долбоор ишке ашырылууда

Экономика 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын айыл чарба тармагында ири 100 долбоор ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, президент Садыр Жапаровдун Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган жарлыгына ылайык, Айыл чарба министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө. Учурда анын алкагында 96 долбоорду ишке ашырууда.

Долбоорлор ар кандай багыттарды камтыйт, анын ичинде:

  • балык чарбасында — 14;
  • канаттуулар чарбасында — 12;
  • СЛБ жана кампаларда — 13;
  • питомниктер жаатында — 11;
  • мал чарбасында — 8;
  • илимий-агартуу демилгелери жаатында — 7;
  • жүн иштетүү тармагында — 5;
  • сүт багытында — 5;
  • машина-трактор станциялар тармагында — 3;
  • айыл чарба өсүмдүктөрү тармагында — 18;

Белгиленгендей, жалпы демилгелердин ичинен 32 долбоор мамлекеттик, ал эми 64 долбоор жеке болуп саналат.

Учурда жүндү кайра иштетүү, сүт багыты, канаттуулар чарбасы, илимий-агартуу долбоорлору, балык чарба, мал чарба, айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча 19 долбоор 1 млрд сомдон ашык суммада каржылоо алган. Дагы 760 млн сомдон ашык суммада 8 долбоорго каражат бөлүнгөнү турат. Калган 69 долбоор боюнча каржылоо маселелери, жер маселелери жана уруксат берүүчү документтерди тариздөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий