Жыл башынан бери бюджеттин киреше бөлүгү 47,3%га өскөн

Экономика 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында бюджеттин жалпы кирешеси 47,3%га өстү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, 9 айда республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 189,9 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 47,3 % га же 61 млрд сомго өскөн.

“Республикалык бюджеттин салыктык кирешелери 144,9 млрд сом өлчөмүндө түшкөн. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 55,3% га же 51,6 млрд сомго көбөйгөн. Ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын кирешелери 52,9 млрд сом, салык кызматынын кирешелери 92,0 млрд сомду түздү”, - деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, бул көрсөткүчтөр боюнча алганда жалпы кирешенин өсүү темпи 155,3%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий