• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Микрокредиттик уюмдар 6 ай ичинде 13 млрд 741,7 млн сом насыя берген - Статистика комитети

Экономика 0

Бишкек, 26.08.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 13 млрд 741,7 млн. сом насыя берилип, аны алгандардын саны 295 миң адамды түзгөн.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, микрокредит алгандардын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 33,8 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 31,5 пайызга көбөйгөн.

Чакан кредиттердин эң көп суммасы Ош облусунда (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 20,6 пайызы), Бишкекте (19,6 пайызы), Жалал-Абад (13,9 пайызы) жана Чүй облустарында (13,8 пайызы) берилген.

2019-жылдын январь-июнь айында берилген микрокредиттердин 33,8 пайызы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 25,1 пайызы керектөөчүлүк муктаждыктарына, 13,3 пайызы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий