• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 2021-жылдын январында ИДП көлөмү 33,2 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылдын январындагы ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү болжолдуу маалыматтар боюнча 33,2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, бул 2020-жылдын ушул убагына салыштырмалуу 7,6%га аз.

“Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишкананы эсепке албаганда ИДП көлөмү 30 млрд сомго жакын болуп, 4,5%га азайган. Өндүрүш продукциясынын көлөмү 22 млрд сомду түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,5%га түшкөн”, - деп маалымат берди адис.

Пикир

Оставить комментарий