• 87
  • 90.55
  • 0.84

Кыргызстандын ар бир жараны эне тилин сактоо, үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө укуктуу

Коом 0


Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. КР президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмонов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жакында эле кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, аталган мыйзам КР Конституциясынын 13-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынган, ага ылайык кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат, ал эми мамлекеттик тилди колдонуунун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

“Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуунун жана мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин, аны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүдө мамлекеттик органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин белгилейт жана мамлекеттик тилди колдонууда жарандардын укуктарын камсыз кылат”, - деди ал.

Ошондой эле Осмоноалиев кабыл алынган конституциялык мыйзамдын 2-беренесинде орус тили Кыргызстанда расмий тил катары колдонулаары белгиленген. Расмий тилди колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

“Кыргыз Республикасы өз аймагында жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин колдонуу принцибин карманат жана бул тилдерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө кепилдик берет. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өз эне тилин сактоо, үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө укуктуу”, - деди Иманалев.

Журналист, “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору Дүйшөн Керимов кошумчалагандай, кыргыз тили өнүгүүсү керек.

"Орус тилин эч ким жээрибейт. Бир гана маселе, биз мамлекеттик тилди сакташыбыз керек. Советтер союзу тарагандан кийин кыргыз тилине тийиштүү көңүл бурулган эмес", - деди ал.

КР эл акыны, "Байчечекей" балдар журналынын башкы редактору Токтосун Самудинов аталган журнал 47 жылдан бери үй-бүлөлүк окуу үчүн чыгарылып келе жатканын жана кыргыз тилинде чыгарылган жалгыз окуу куралы экенин белгиледи.

"Биз ушундай оор кырдаалда бул журналды сактап калышыбыз керек. Кыргыз тилинде дагы башка журналдар чыгарылат деп ишенебиз. Кыргыз тилин өнүктүруү жана сактоо керек", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий