• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сурамжылоо: кыргызстандыктардын 91 пайызы Садыр Жапаровго ишеним билдирген

Коом 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун рейтинги өсүүдө. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институттун улуттук сурамжылоосунун жыйынтыгында айтылат.

Сурамжылоо 2023-жылдын 5-майынан 25-майына чейин жүргүзүлүп, ага 18 жаштан жогорку курактагы 1 миң 492 кыргызстандык катышкан.

Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго респонденттердин 91%ы ишенет.

Президенттен кийин экинчи орунда Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков турат. Ага респонденттердин 69%ы ишенет.

Андан кийинки орунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев турат, ага респонденттердин 68%ы ишенет.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын апрелинде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында Садыр Жапаровго респонденттердин 38%ы ишенерин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий