• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын азыктары жана кол өнөрчүлүк буюмдары Индияда өтүп жаткан көргөзмөгө коюлду

Маданият 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын айыл чарба азыктары жана кол өнөрчүлүк буюмдары Индияда өтүп жаткан эл аралык көргөзмөгө коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-ноябрынан 27-ноябрына чейинки аралыкта Нью-Делиде 40-чы Индия Эл аралык соода көргөзмөсү-2021 (IITF) өтүүдө.

Көргөзмөгө Кыргызстандын Индиядагы элчилиги Кыргызстандын айыл чарба азыктарын, ошондой эле атамекендик өндүрүшчүлөрдүн кол өнөрчүлүк буюмдарын тартуулады.

Кыргызстандын павильонуна келгендердин арасында бал жана кургатылган жемиштер, кийизден жасалган буюмдар жана жибек жоолуктар өзгөчө суроо-талапка ээ болду.

Көргөзмөнүн уюштуруучулары менен келе жаткан жылы IITF-2022 көргөзмөсүндөгү кыргыз павильонун кеңейтүү боюнча келишимдер жетишилди.

Үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында көргөзмөнүн расмий ачылыш аземине негизги конок катары Индиянын Соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял катышты.

Өз сөзүндө индиялык министр 40-Индия эл аралык соода көргөзмөсү (IIFT) Индиянын экономикасы олуттуу жандануусунун күбөлөндүргөнүн жана бул жолу IIFT 2019-жылы уюштурулган көргөзмөдөн үч эсе чоң экендигин белгиледи.

Бул жылы көргөзмөгө кичи жана орто бизнестин 3 миңге жакын өкүлү, ошондой эле тогуз чет мамлекеттен, анын ичинде Кыргызстандан ишкерлер катышууда. Чет элдик катышуучулар - Афганистан, Бангладеш, Бахрейн, Непал, Шри-Ланка, БАЭ, Тунис жана Түркиядан.

IITF Нью-Делиде Индиянын Сооданы өнүктүрүү боюнча ITPO уюму тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара болуп саналат. Бул B2B жана B2C компоненттерин камтыган ири интеграцияланган соода жарманкеси. Бир катар мамлекеттик уюмдар бул аянтчаны өз программалары жана саясаты тууралуу маалыматты коомчулукка жайылтуу үчүн колдонушат. Бул иш-чарага Индиянын федералдык өкмөтүнүн дээрлик бардык штаттары жана союздук аймактары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий