• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандын бардык аймагында 2020-жылы салттуу музыка жумалыгы белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын бардык аймагында 2020-жылы салттуу музыка жумалыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы астында өткөн жыйында белгилүү болду.

Жыйындын жүрүшүндө министр 2020-жылы салттуу музыка жумалыгынын алкагындагы иш-чаралар борбордо гана эмес, республика боюнча өтөөрүн белгиледи.

“Бул жумалыктын негизги максаты жаштар арасында салттуу музыканы жайылтуу жана аны өркүндөтүү болуп саналат. Маданият министрлигинин буйругу менен бул иш-аракеттер боюнча иш алып бара турган атайын уюштуруу комитети түзүлөт. Иш-чараларга министрликтин карамагына караган бардык окуу жайлар тартылат”, - дейт Жаманкулов.

Салттуу музыка жумалыгынын алкагында өлкөдөгү эл артисттеринин жана маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер катышкан мастер-класс, тегерек стол, чет өлкөлүк жана жергиликтүү мугалимдер, ошондой эле искусство таануучулардын лекцияларын уюштуруу пландалып жатат.

Алгачкы жолу салттуу музыка жумалыгын белгилөө жөнүндө буйрук Маданият министрлиги тарабынан 2008-жылы чыгып, 2009-жылы белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий