• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

«Манас» эпосунун кыскартылган түрүн түрк тилинде чыгаруу зарылдыгы белгиленди

Саясат 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. 18-декабрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинин вице-мэри Сабиха Акдемир айым менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар үстүбүздѳгү жылдын 12-декабрында Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинде жайгашкан Чыӊгыз Айтматов паркында улуу жазуучунун эстелигинин расмий ачылыш аземинин биргелешип уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылыктарын жана канааттанууларын билдиришти.

Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев жана Сабиха Акдемир 2020-жылы маданият тармагында ар кандай иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашышты.

Тараптар ошондой эле балдар үчүн «Манас» эпосунун кыскартылган түрүн түрк тилинде чыгаруу зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий