• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандын Башкы консулу Лира Сыдыкова Стамбулда Айтматов атындагы үй-музейин ачууну сунуштады

Саясат 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу менен жолугушту. Бул тууралуу Стамбулдагы Башкы консулдуктун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы консул Кыргызстандын ички саясий абалы тууралуу маалымат берип, КР президенти Садыр Жапаровдун эки боордош өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча алгылыктуу аракеттерин белгиледи. Мындан тышкары, Лира Сыдыкова Башкы консулдуктун жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштери тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жеңилдетилген салык ставкалары жана либералдык салык системасы, 12% КНС ставкасы жана чакан ишканалар үчүн бирдей тарифтер жөнүндө маалымат менен тааныштырып өттү.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө түрк дүйнөсүнүн баалуулуктарын жайылтуу максатында, улуттук сыймыгыбыз болгон Ч. Айтматовдун чыгармаларынын түрк дүйнөсүндөгү ролун жана таасирин белгилеп, Стамбулда Ч. Айтматов атындагы үй-музейин ачууну сунуштады.

Өз кезегинде Экрем Имамоглу Лира Сыдыкованы Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу кызматына дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалап, кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо, бизнес-форум уюштуруу жана түрк ишкерлери менен байланыш түзүүдө муниципалитет Башкы консулдуктун ишине ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.

Ч. Айтматов атындагы үй-музейин ачуу боюнча байланыштуу сунушту туура кабыл алып, бул багытта тыгыз кызматташтыкты иш жүргүзүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары жемиштүү жана тыгыз өз ара аракеттенүү боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий