• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Парковка” рейди өтүүдө, үч күндө 1,6 миңден ашуун айдоочуга айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарында “Парковка” аталышындагы рейддик иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейд 11нен 15-октябрга чейин өтөт. Үч күндүн ичинде айдоочулар тарабынан туура эмес токтотулган 1 миң 619 автоунаа аныкталган.

"Парковка" рейдинин максаты - жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана ага жол бербөө, ошондой эле жол тыгындарын болтурбоо болуп саналат.

"Жол кыймылынын коопсуздугун толук кандуу камсыздоо максатында мындай рейддик иш-чаралар мындан арыда улантылат", - деп кошумчалашты Кайгуул кызмматынын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий