• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кыргызстандын Беларустагы Маданият күндөрү башталды

Маданият 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Минск шаарында Кыргызстандын Беларустагы Маданият күндөрү башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.

Салтанаттуу ачылыш Беларустун Улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун көргөзмөсү менен коштолду.

Иш-чарада Кыргызстандын маданият министринин орун басары Гулбара Абдыкалыкова жана Беларустун маданият министринин орун басары Валерий Громада куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул иш-чара маданий кызматташтыктын маанилүү этабы болуп, Кыргызстандын уникалдуу көркөм мурастарын кенен тааныштырат.

Пикир

Оставить комментарий