Кыргызстандын бермети аталган Ысык-Көлдүн көз жоосун алган сүрөттөрү

Коом 0

Ысык-Көл — Кыргызстандагы эң чоң тоолуу туздуу көл. Көлдөгү суунун көлөмү — 1738 чарчы чакырым, суу бетинин аянты — 6236 чарчы чакырымды түзөт. Жээктеринин жалпы узундугу — 688 чакырым, ал эми көлдүн орточо тереңдиги — 278 метр, эң терең жери — 668 метрге жетет. Ысык-Көл түндүктөн түштүккө 58 чакырымга, ал эми батыштан чыгышка 182 чакырымга созулуп, ага 80ден ашык агын суу куят. Жергиликтүүлөр көлдү "Кыргызстандын бермети" деп дагы аташат.

Ысык-Көл — Кыргызстанда туризмдин борбору болуп саналат. Көлгө жылына миллиондогон туристтер, альпинисттер жана саякатчылар келишип, алар көлдүн кооздугуна, тунуктугуна, абанын тазалыгына суктанып кайтышат.

Сүрөттөрдү тарткан Исхак Туратбеков

Пикир

Оставить комментарий