• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда биринчи жолу кармаш-уруш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу кармаш-уруш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын спорттук кармаш-уруш боюнча улуттук федерациясынын президенти Рамис Кыдыралиев билдирди.

Анын айтымында,спорттук иш-чара борбор калаадагы спорттук комплекстердин биринде 12-16-сентябрь күндөрү өтүп, 17 өлкөдөн 300дөн ашуун спортчунун катышуусу күтүлүүдө.

"Азия чемпионатын өткөрүүгө жалпысынан 3 млн 800 миң сом сарпталары болжолдонууда. Аталган чемпионатты Кыргызстанда өткөрүү спортчулар үчүн гана эмес, кармаш-уруш өнөрүн сүйүүчүлөр үчүн да маанилүү окуя болмокчу. Өлкөдө кармаш-уруш боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен Кыргызстандын башка Азия өлкөлөрү менен спорттук байланыштарын бекемдөөгө жакшы шарт түзөт", - деди ал.

Белгилей кетсек, кармаш-уруш боюнча улуттук федерация 2015-жылы облустук деңгээлде түзүлгөн. Ал эми акыркы 3 жылда Кыргызстандын улуттук спортунун түрүнө кирген.

Пикир

Оставить комментарий