• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстандын бокс боюнча курамасы Чолпон-Атада машыгууда

Спорт 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Чолпон-Ата шаарында окуу машыгуу жыйынын өткөрүүдө.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 7-сентябрда башталган окуу-машыгуу жыйыны 24-сентябрда жыйынтыкталат. Машыгуулар эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында уюштурулган.

Курама команданын тизмеси:

  • 48 кг Анвар Ходжиев;
  • 51 кг Бекзат Эргешов;
  • 54 кг Нуржигит Дүйшөбаев;
  • 57 кг Ислам Төрөбаев, Санжай Сейдакматов;
  • 60 кг Тургунбек Иманкадыров, Рысбек Бектенов;
  • 63,5 кг Умар Ливаза, Мирзохид Имамназаров;
  • 67 кг Алмаз Орозбеков, Ихтиёр Нишанов;
  • 71 кг Сыргак Сырттан уулу, Эльзар Турдубаев;
  • 75 кг Даниэль Абдрахманов;
  • 80 кг Сагын Сатыбалды уулу, Атай Асанбек уулу;
  • 92 кг Бакыт Токтосун уулу;

Башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу, машыктыруучулар Темирлан Осмонов, Бейшен Сатаров.

Окуу машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2024-жылга алынган календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий