Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында окуу-машыгуу жыйынына катышууда.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, эл аралык окуу-машыгуу жыйыны Өзбекстандын Янгиобод шаарында 7-январдан 21-январга чейин өтүп жатат.
Курама команданын тизмеси:
- 48 кг Анваржан Ходижев;
- 51 кг Бекзат Эргешов;
- 54 кг Зафарбек Камалов, Санжай Сейдакматов, Азизбек Ходжиев;
- 57 кг Тургунбек Иманкадыров, Ислам Төрөбаев;
- 60 кг Рыспек Бектенов, Баяман Азизбек уулу, Бекзат Ысабек уулу;
- 63,5 кг Мирзохид Имамназаров, Омар Ливаза, Оомат Белекбаев;
- 67 кг Алмаз Орозбеков, Ихтияр Нишинаов;
- 71 кг Элдар Турдубаев, Сыргак Абдыжапар уулу, Марсель Кадыров;
- 75 кг Нурадин Рустамбек уулу, Ислам Тургунов;
- 80 кг Өмүрбек Бекжигит уулу, Сагын Сатыбалды уулу;
- 92 кг Тыныстан Алыбаев, Бакыт Токтосун уулу;
- +92 кг Мыразкир Кошалиев;
Акыйкат Абаев улук машыктыруучу;
Данияр Төлөгөн уулу башкы макыктыруучу.
Пикир
Оставить комментарий