• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандын үч жолку чемпиону Айаал Лазарев тууралуу учкай маалымат

Спорт 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Париж Олимпиадасынын башталышына туура 4 күн калды. 200дөн ашык өлкөдөн келе турган 10 миңден ашуун спортчулар күйөрмандарга бүйүр кызыткан оюндарды тартуулашат. Алардын арасында кыргызстандык балбан Айаал Лазарев да бар. Ал эркин күрөш боюнча өлкө намысын коргоп, 125 кг салмак категориясындагы мелдештерге 9-августтан тарта катышат.

Олимп оюндарын утурлай бул ирет 38 жаштагы балбан Айаал Лазаревдин спорттогу ийгиликтери тууралуу кыскача маалыматтарды топтодук.

Өмүр баяны: 1986-жылы 19-мартта Якутияда төрөлгөн. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Спорттогу жетишкендиктери:

  • Азия оюндарынын коло медалынын ээси (Ханчжоу, 2023);
  • Дүйнө кубогунун коло медалынын ээси (Белград, 2020);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Доха, 2015);
  • Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Алматы, 2021);
  • Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Бишкек, 2024);
  • Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (Нью-Дели, 2010);
  • Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (Нью-Дели, 2013);
  • Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (Бангкок, 2016);
  • Рио-де-Жанейро Олимпиадасынын катышуучусу (2016);
  • Токио Олимпиадасынын катышуучусу (2021);
  • Кыргызстандын үч жолку чемпиону (2011, 2015, 2020);
  • Россиянын студенттер арасындагы чемпиону (2008);
  • Дүйнөлүк тандоо мелдешинде Олимпиадага лицензия утту (Стамбул, 2024).

Мамлекеттик сыйлыктары:

  • Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айаал Лазаревге президенттин атынан алкыш жарыяланган (2021).

Пикир

Оставить комментарий