• 88.68
  • 95
  • 0.95

Волейбол боюнча Кыргызстандын ардагерлер арасындагы курамасы эл аралык мелдешке катышты

Спорт 0

Бишкек, 22.02.20. /Кабар/. Волейбол боюнча ардагерлер арасында Кыргызстандын курамасы эл аралык мелдешке катышты. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Динмухамед Кунаевдин элесине арналган 11-эл аралык мелдеш 14-16-февралда Казакстандын Кызыл-Орда шаарында өттү.

Алтын байге үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан болуп 12 команда үч тайпага бөлүнүп күч сынашты. Мелдешке 55 жаштагы жана андан жогорку жаштагылар катышты.

Кыргызстандык команда үч оюн өткөрдү: бирөөнү жеңсе, экөөндө жеңилип калды.

Пикир

Оставить комментарий