Кыргызстандын чемпионаттар тарыхында биринчи жолу VAR-системасы колдонулат

Спорт 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Эртең Жалал-Абад шаарынын "Курманбек" стадионунда 1ХВЕТ Кыргызстандын Премьер-лигасынын алкагында "Мурас Юнайтед" жана "Дордой" клубдарынын беттеши өтөт.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, аталган оюнда Кыргызстандын чемпионаттар тарыхында алгачкы жолу калыстар видео жардам системасын (VAR) колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Беттешти өзбекстандык адис Темурбек Тухтасинов жетектейт. Башкы калыска каптал сызыктарда ата-мекендик адистер – Джалалдинов Хусан жана Сергей Грищенко жардам беришет. Ал эми Алимардон Байназаров (Өзбекстан) резервдик арбитр болуп дайындалды.

Ошондой эле, VAR-системасында да Өзбекстандык адистер Рахимов Акмалжон (VAR), Абдурахманов Зиёдулло (AVAR) жана Жахонгир Саидов (RO) иштешмекчи.

Белгилей кетсек, Кыргыз футбол биримдиги буга чейин өлкөдөгү биринчи VAR-системасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий