• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бекназ Алмазбеков “Галатасарай” командасына жеңиш алып келген голду киргизди — видео

Спорт 0


Бишкек, 31.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын улуттук курама командасынын футболчусу Бекназ Алмазбеков түркиялык “Галатасарай” командасынын катарында ойноп, чечүүчү гол киргизди.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, 19 жашка чейинки футболчулар арасында өткөн беттеште Алмазбеков оюндун 66-мүнөтүндө атаандашынын дарбазасына гол киргизди. Эсеп 2:0 эсебинде “Галатасарай” жеңүүчү аталды.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-июнунда Кыргызстандын курамасы Азия кубогунун тандоо турунун алкагында Мьянманын командасы менен оюн өткөргөн. Анда 17 жаштагы Бекназ Алмазбеков алгачкы жолу улуттук курамда ойной баштаган.

Бекназ Алмазбеков учурда Түркиянын “Галатасарай” командасында (U-19) ойноп келет.

Пикир

Оставить комментарий