Кыргызстандын делегациясы Нью-Йоркто БУУнун конференциясына катышууда

Коом 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев баштаган Кыргызстандын делегациясы ок атуучу куралдарды жана жеңил куралдарды (ОКЖК) мыйзамсыз сатылуусун бардык аспекттеринде болтурбоо жана жоюу боюнча БУУнун иш-аракеттер программасынын (РоА) жана анын байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык инструментинин (ITI) обзору боюнча БУУнун төртүнчү конференциясынын отурумуна катышууда.

Конференция 2024-жылдын 18-июнунан 28-июнуна чейин БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өтүүүдө.

Конференциянын биринчи күнүндө жогорку деңгээлдеги жыйындар этабында кыргыз делегациясынын башчысы өз сөзүндө БУУнун иш-аракеттер программасын ишке ашыруу боюнча Кыргызстан күч-аракеттерин активдештирип жаткандыгы жана бул маанилүү маселеге карата комплексттүү мамилелерди камсыз кылууда жетишилген олуттуу прогресс жөнүндө дүйнө коомчулугуна маалымат берди.

Ошону менен катар эле Кыргыз Республикасы ОКЖКны мыйзамсыз сатылуусун болтурбоо жана жоюу боюнча боюнча эл аралык коомчулуктун ишинин алкагындагы чараларды жүзөгө ашыруу үчүн маанилүү негиз катары иш-аракеттер программасын жактай тургандыгы жана аны андан ары толук жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгү жөнүндө баса белгиленди.

Кыргызстандан барган делегация ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана Куралсыздандыруу маселелери боюнча БУУнун Жогорку өкүлү – Изуми Накамицу, БУУнун башкы катчысынын орун басары жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын администраторунун орун басары – Сюй Хаолян жана Төртүнчү серептик конференциянын төрагасы – Мариц Чан Вальверденин катышуусунда өткөрүлгөн “Ок атуучу куралдарды жана жеңил куралдарды контролдоо боюнча программаларды өнүктүрүү жана куралдуу зомбулукту азайтуу” паралелдик жогорку деңгээлдеги SALIENT иш-чарасына катышты.

Пикир

Оставить комментарий