• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата логотип тандалды. Сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата логотипти тандап алуу боюнча жарыяланган сынак жыйынтыкталды.

Министрликтен билдиришкендей, тандалган логотиптин авторлору маданиятка эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Жаныш Жамурзаев, сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Шакир Арыков жана Жеңиш Жанузаковдор болду.

Сынак Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата логотип жасоо максатында өткөрүлүп, кесипкөй чыгармачыл топтордун коомдук иштерге активдүүлүгүн арттырууга багытталган. Жобого ылайык, долбоордун катышуучулары жалгыз автор же автордук жамаат болушу мүмкүн экендиги белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий