• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү Баткен облустук милициясына компьютердик жабдыктарды берди

Коом 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Европа коопсуздук келишим уюмунун (ЕККУ) Бишкекеги программалык кеңсеси Баткен облустук ички иштер башкармалыгы үчүн компьютердик жабдыктарды берди. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-июлда Баткен облустук ички иштер башкармалыгында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин элчиси Алексей Рогов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин элчисинин орун басары Расмия Казымова, саясий кеңешчи Юрий Фенопетов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин консультанты, отставкадагы милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров, долбоор жардамчысы Кубаныч уулу Баатыркан өздөрүнүн иш сапары менен болуп, милиция кызматкерлери үчүн компьютердик жабдыктарды тапшырды.

Андан соң, милициянын көчмө кабылдамаларынын абалдары менен таанышты. Жолугушууда Баткен ОИИБнын начальниги, милициянын полковниги Мурат Боронов бүгүнкү күндө облус аймагындагы милициянын көчмө кабылдамсынын эл арасында аткарган иштерине кенен токтолуп, алардын аткарган иш-аракеттери калк арасында өзгөчө ыңгайлуулукту, жеңилдикти жараткандыгын билдирди.

Ошондой эле калк арасында коопсуздукту сактоодо, эл менен жолугушууларда милиция кызматкерлеринин билимдерин кеңейтүү максатында милиция кызматкерлери үчүн атайын окутуулар уюштурулушу зарыл экендигин, милиция кызматкерлери үчүн керектүү каражаттар менен жабдылышын белгиледи.

Баткен облусунун аймагында Кызыл-Кыя, Баткен шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө, Кадамжай, Лейлек, Баткен райондук ички иштер бөлүмдөрүндө милициянын көчмө кабылдамалары бүгүнкү күндө толук кандуу иш алып барат. 2021-жылдын 6 ай ичинде 306 жолу жолугушууга чыгып, 5723 эл менен жолугуп, коопсуздук маселесинде 46 арыз, социалдык мааниде 179 арыз кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий