• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 02-07.04.18

Аналитика 0

Рынок толукталууда. 43 кыргыз ишканасы Россия жана Казакстанга өз продукцияларын ташыйт.

КР экономика министри Артем Новиковдун айтымында, бул ишканалар ЕАЭБ мүчө мамлекеттерине ташуу жүргүзгөн ишканалардын Реестрине киргизилген.

Новиков бул сүт азыктарын өндүрүүчү - 15, бал топтоо жана сатуу – 10, балыкты кайра иштетүүчү – 12, термикалык иштелген эт азыктарын өндүрүүчү ишканалар – 5, улуттук сүт азыктарын өндүрүү -1 ишканалар экенин кошумчалады. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков B2B форматындагы КР бизнес өкүлдөрү жана Россиянын ири соода түйүндөрүнүн катышуусундагы тегерек үстөлдө билдирди.

Алыскы Тунисте. Кыргызстандын вице-премьер-министри Санжар Муканбетов Тунисте Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун жыл сайын өтүүчү 43-Кеңешмесинин алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору Ибрагим Аль-Бассам менен жолугушту.

Вице-премьер-министр СӨФга КР өкмөтү менен Кыргызстан менен каржылык кызматтар багытында кызматташууга даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. КР жетекчилиги СӨФнын өлкөнү экономикалык өнүктүрүүгө кошкон салымына жогору баа берерин белгиледи.

Ошондой эле СӨФна Бишкек шаарында лабораториялык карантин зонасын курууга жана жүрөк жана органдарды трансплантациялоо УИИни заманбап жогорку технологиялуу медициналык жабдууларды камсыздоо үчүн 3,8 млн АКШ доллар бөлгөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Чалгындоого каражат. Centerra Gold Inc канадалык компаниясы Кумтөр кенинде геологиялык чалгындоого инвестицияларды жандандыруу чечимин кабыл алды.

КР преьмер-министри менен жолугушууда Центерра Голд Инк.» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри компания жергиликтүү адистерден 5 миң адамды жумуш менен камсыз кылган жана жеке сектордун ири салык төлөөчүсү болуп эсептелген кенди иштетүүнү улантуу үчүн мындан аркы геологиялык чалгындоого дээрлик 26 млн АКШ доллар кошумча инвестицияларды салууга ниеттенип жаткандыгын тастыктады.

«2012-жылдан баштап Кыргыз Өкмөтү жана компания ортосундагы белгилүү бир түшүнбөстүктөр орун алганына байланыштуу биз тараптан геологиялык чалгындоого каражаттар салынбай келген. Жаңы келишимдин түзүлүшү менен биз геологиялык чалгындоого инвестицияларды жумшоо тууралуу чечим кабыл алдык», – деди Скот Перри.

Фонддун долбоорлору. 2017-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан 216 млн долларга 823 долбоор каржыланган.

РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиевдин айтымында, Россиянын каржы министринин орун басары Сергей Сторчактын катышуусундагы Фонд Кеңешинин жыйыны учурунда көрсөтүлгөн суммаеые 116 млн доллары чакан жана орто бизнеске жана 145,5 млн доллар долбоорлорду түз каржылоого багытталган. Мындан тышкары 50 млн доллар мамлекеттик казначылык облигацияларга салынган.

“51%дан ашыгы агрардык, кайра иштетүү жана өндүрүш тармагына багытталган. Кыйла маанилүү үлүш туризм, транспорт, инфраструктураны өнүктүрүү, байланыш жана технология тармагына бөлүнгөн. Аймактар боюнча алып караганда 823 насыя берилген. Алардын дээрлик 50% Бишкек жан Чүйдө калган. Сумма боюнча карасак, Чүй облусуна жана Бишкекке 70% бөлүнгөн. Тилекке каршы, башка аймактарга 30% гана кеткен. Бул аймактарда негизинен чакан жана орто бизнес өнүгүп жатканын айтат”, - деп маалымдады Э.Асрандиев.

Жаңы иш орундары. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында Фод каржылаган долбоорлордун көрүнүктүү социалдык-экономикалык натыйжа жетишилген. Ишке аышырылган долбоорлордун натыйжасында 16 миң иш оруну түзүлгөн.

Кыргызстандын экономика министри Артем Новиковдун айтымында, бул кыйыр натыйжасыз көрсөткүчтөр. “Эгерде кыйыр натыйжаны ала турган болсок, анда сандар кыйла көп болот – кеминде 60 миң орун. Буга дыйкандар да кирет”,- деди министр.

Салыктык түшүүлөр боюнча болсо, Новиковдун айтымында маанилүү өсүү бар.

“2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 48 млн доллар салыктык түшүүлөр РКӨФ тарабынан каржыланган ишканалардын эсебинен түшкөн. Мындан тышкары, Фонд тарабынан каржыланган долбоорлор сырьену ташуу да, өндүрүүчүлөрдүн материалдарын да көбөйтөт”, - деп белгиледи ал.

Фонд жана аймактар. 2018-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аймактык долбоорлорду өнүктүрүүгө зор басым жасайт.

РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиевдин айтымында, Фонд тарабынан аймактарда каржылоонун жеткиликтүүлүк шарттарын жакшырткан план иштелип чыкканын билдирди.

“Ошондой эле план консалтинг жана аймактык ишкерлерди окутууну камтыйт. Мындан тышкары биз долбоорлордун так тизмесин түзүү жана аларды аягына чыгаруу үчүн мезгил-мезгили менен ишкерлер менен жолугушуп турабыз”,- деди ал.

КРдагы блокчейн. Кыргызстанда блокчйен-технологиялар системасын өнүктүрүүгө ниеттенишүүдө.

Швейцария-Борбор Азиялык Ишкер Кеңешинин аткаруучу төрагасы Валерий Тутыхиндин айтымында, алар жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча баяндама жасашкан.

“Изилдөөнүн максаты кыргыз мыйзамы блокчейн технологиясына негизделген коммерцияны кандай жөнгө саларын аныктоо болгон: крипто-активдер менен келишимдер, криптовалюталар майнинги, блокчейн-активдерди биржалык сатуу, криптоактивдерди сунуштоо (ICO)”, - деп түшүндүрдү Тутыхин.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий