• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Исаков православ христиандарын Христостун кайра жаралуу күнү менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 08.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков православ христиандарын жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Христостун кайра жаралуу майрамы менен куттуктады.

Өкмөттүн аппаратынан билдиршкендей, өкмөт башчынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

«Урматтуу мекендештер, Кыргызстандын православ христиандары!

Сиздерди, туугандарыңыздарды жана жакын адамдарыңыздарды бүгүнкү Пасха, адеп-ахлактык жаңыланууну туюндурган православ христиандарынын эң башкы майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Мына ушул күнү, кайсы динге ишенгендигине карабастан, ар бир адамдардын жүрөгү келечекке жана көөнөргүс руханий байлыктарга карата ишенимге толуп турат.

Христостун Кайра майрамы ылайым сиздерге жакшы маанай алып келсин, Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги үчүн адал эмгектенүүгө жана алга умтулууга күч-кубат берсин!

Православ христиандары Кыргызстан элинин ажырагыс бир бөлүгү. Бул майрам тынчтык жана ынтымакташтыкты карай кеткен жол ар адамдын жүрөгү аркылуу өтөөрүн, ал эми элдин биримдигине жетишүү ар бир кыргызстандыкка байланыштуу болоорун бизге эскертип тургансыйт.

Сиздерге, туугандарыңыздарга, жакын адамдарыңыздарга чың ден соолук, руханий тазалык жана бакубат, өлкөбүзгө тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий