Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 25-30.11.2019

Аналитика 0

Бул аптада өлкө экономикасына байланыштуу маанилүү окуялар болуп өттү. Казакстандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, анда ал Кыргызстан менен Казакстан өз ара соода жүгүртүүсүн 1 млрд долларга чейин жеткириши керектигин билдирди. Каржы министрлиги 2020-жылы орточо айлык акы канча болору тууралуу божомолун айтты.

Маянанын өлчөмү. Каржы министрлиги 2020-жылы Кыргызстанда орточо айлык акы дээрлик 18 миң сом болорун билдирди.

2018-жылы орточо маяна 16 миң 427 сом болгон. 2019-жылы ал 17 миң 100 сомду түздү. 2020-жылга карата божомол боюнча, орточо маяна 17 миң 955,5 сом, 2021-жылы 18 миң 835,4 сом, 2022-жылы 19 миң 682,9 сом болот.

"Улуттук энергохолдинг" жана Япония. "Улуттук энергетикалык холдинг" ААКсынын жетекчилиги энергетика тармагында иш алып барган компанияларынын иши менен таанышуу үчүн Японияда болуп келди. Анын алкагында "Улуттук энергохолдингдин" башчысы Айтмамат Назаров Япониянын энергетикалык компания жана корпорацияларынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөргөн.

Иш сапардын жүрүшүндө Япониянын "Toshiba Energy Systems and Solutions", "Toshiba Plant System", "Tokyo Rope MFG Co., Ltd" жана "Икагава электрик" өңдүү ири компанияларынын жетекчилери жолугушуулар болгон.

Жолугушууда, чакан ГЭСтерди куруу, атап айтканда, эки тараптуу кызматташуунун келечеги, электротехникалык жабдуулар менен камсыз кылуу маселелери (чубалгылар продукциясы жана эсептөө жабдыктары ж.б) талкууланган.

Ошондой эле "Улуттук энергохолдингдин" башчысы Япониянын ГЭСтеринин жана компанияларынын өндүрүштүк объектилеринин иши менен таанышып чыккан.

Улуттук банктын эсептик чени. Бул аптада Улуттук банк эсептик ченди 4,25 пайыз деңгээлинде сактап калганын билдирди.

Улуттук банктан белгилешкендей, Улуттук банктын башкармалыгы 2019-жылдын 25-ноябрында эсептик ченди (негизги ченди) 4,25 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алган.

"Өлкөдө баалардын жалпы деңгээли, негизинен азык-түлүккө болгон баалардын эсебинен бир калыпта калыбына келүүсү байкалган. Ноябрь айында (15-ноябрга карата) инфляциянын жылдык мааниси 2,5 пайыз деңгээлинде болгон", - деп билдирет Улуттук банк.

КМШ өлкөлөрүнүн салыкчылары. Москва шаарында (Россия) КМШ өлкөлөрүнүн салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 26-жыйыны болуп өттү.

Жыйын санариптик экономика шартындагы салыктык башкаруу иштерине арналган.

Делегациялар салыктык башкаруу жана жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү маселелери боюнча пикир алышкан. Талкуунун жыйынтыгында тараптар бул жааттагы жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашкан.

Жыйынга эл аралык салык коомчулугунун – Евразия экономикалык комиссиясынын, Европалык салыктык башкаруу уюму, Эл аралык валюта фонду, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү да катышкан.

Максат – $1 млрд. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 млрд долларга чейин жеткирүү керек. Бул тууралуу Кыргызстанга мамлекеттик сапар келип кеткен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.

Ал белгилегендей, 2015-жылдан тарта Кыргызстан менен Казакстан кызматташуусун ЕАЭБде улантып келет.

«Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 30% жогорулап, дээрлик 900 млн долларды түзгөн. Жыйынтыгында биздин өлкө Кыргызстандын алдыңкы өнөктөшү болду. Биздин максат – товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга чейин жеткирүү», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий