• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 29.04 – 04.05.2019

Аналитика 0

Финполициянын салымы. Бул жумада Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке 67 млн. 741 миң 275 сом которду, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Бүгүнкү күндө Финполиция тарабынан которулган жалпы каражаттын эсеби 605 млн. 956 миң 902 сомду түзөт.

Адал азыктарга окутуу. Бишкек жана Ош шаарларында бул жумада ишкерлерге адал азыктарга стандарттарды киргизүү боюнча окутуулар өтүлө баштады

Экономика министрлиги тарабынан 2017-2020-жылдарда “КР адал-индустриясын өнүктүрүү Концепциясын” жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу иретинде, калк арасында билим берүү-агартуу иштерин жүргүзүү алкагында, адистерди “адал” стандарттарын иштеп чыгууга, киргизүүгө жана сертификациялоого тартуу максатында аларды окутуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бишкекте 28-29-апрелде, Ош шаарында 2-3-майда экономика министрлигинин Шайкештикти баалоо системаларын жөнгө салуу жана Халал индустрия бөлүмү жана Түркиянын премьер-министринин пппаратына караштуу кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча Түрк башкармалыгы (TIKA) тарабынан “Адал продукциясына SMIIC стандарттарын киргизүү” темасында семинарлар өттү.

Иш-чараларды өткөрүү үчүн Ислам өлкөлөрүнүн Стандартташтыруу жана метрология институтунун (SMIIC) жана Түрк стандарттар институтунун (TSE) эксперттери чакырылган.

Бузууларды аныктоо. Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 1-кварталында 10 миң 552 рейддик салыктык контроль жана контролдук сатып алууну жүргүзгөн. Анын ичинен 6 миң 555 рейддик салыктык контроль, 3 миң 997 контролдук сатып алуу.

Рейддик салыктык контроль жана контролдук сатып алууну жүргүзүү учурунда ишкерлердин иштеринде 3 миң 722 ар кандай бузуулар аныкталган, анын ичинде 1261 бузуу – контролдук сатып алуу учурунда.

Аныкталган бузуулар. 2019-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча 341 бажылык укук бузуу фактысы аныкталды.

Мамлекеттик бажы кызматынын билдирүүсүнө ылайык, алардын ичинен:

1. Бузуулардын бирдиктүү реестрине – 256 факты катталган, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18 фактыга көп.

Бузуулар тууралуу иштер боюнча бажы төлөмдөрү 24,8 млн. сом суммасын түздү.

Өндүрүлгөн айып санкциялары – 2,2 млн. сом суммасын түздү.

2. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине – 85 факты катталган, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 фактыга көп.

Аны менен бирге мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу 25,9 млн. сомду түздү, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,1 млн. сомго көп.

Келүү шарттары. Бул жумада Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь кандай учурда Кыргызстанга кытайлык инвестиция келерин айтып берди.

Ал билдиргендей, инвестиция тартуунун негизги талабы туруктуулук болушу керек.

"Мен элчи катары Кыргызстанга көп кытайлык ишкерлерди тартууга аракеттенем. Бирок, аларга шарт түзүү зарыл. Аларды тартуу керек. Ошондуктан, Кыргызстанда туруктуулук сакталышы, экономиканын өсүшү менен инвестициялар болот деп үмүттөнөбүз. Ар кандай шарттар болот, бирок туруктуулук баарынан маанилүү", - деди элчи.

Андан тышкары, ал белгилегендей, эки өлкө кошуна туруп, географиялык абалы да ыңгайлуу болгондуктан ишкерлер Кыргызстанда коопсуздукту сезгенден кийин келет.

Кыймылсыз мүлк динамикасы. Бишкекте үйлөр менен батирлердин сатылышы арткан.

Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, Бишкекте 2019-жылдын апрель айында кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алуу (турак-үй жана батир) боюнча 1 миң 419 келишим катталган. Ал өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 2,45%га көбүрөөк.

2018-жылга салыштырмалуу турак үйлөрдүн 1 чарчы метринин баасы сом (54 миң 470 сом/м2) менен 5,11%га жана доллар (800 долл./м2) менен алганда 5,96%га кымбаттаган. Апрель айында жеке турак үйлөрдүн да баасы кымбаттаган (+0,84%): 2018-жылы турак үйдүн орточо баасы 52 миң 799 доллар болсо, бир жыл ичинде ал 53 миң 243 долларды түзгөн.

Жеткиликтүү ипотека. "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААКсы Бишкек жана Ош шаарларында "Жеткиликтүү Ипотека" багыты боюнча жылына 14% пайыздык ипотекалык насыяларды каржылоо үчүн тизмелер түзүлө баштагандыгын жарыялайт.

Компания билдиргендей, ипотекалык насыяларды бюджеттен тышкары мекемелерде иштеген бардык жарандар, анын ичинде жеке ишкерлер жана фермерлер да ала алышат. Немис өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында "Жеткиликтүү ипотека" багыты боюнча насыя өлкөнүн аймактарында гана берилет. Буга байланыштуу "МИК" ААКсынын чечими менен ипотекалык баалуу кагаздардан тартылган финансылык ресурстардан Бишкек жана Ош пилоттук шаарларына квота бөлүнгөн:

- Бишкек ш. –140;

- Ош ш. – 60.

Кезекте Венгрия. Бул жумада КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Ласло Парраг менен жолукту.

Жолугушууда КР менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу, анын ичинде 2019-жылдын сентябрь айында пландаштырылган экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгриялык Өкмөттөр аралык Комиссиянын биринчи жыйынын өткөрүү талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бизнес-форум өткөрүү маселелерин талкуулады, бул өз кезегинде эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнө байланыштарды жүзөгө ашырууга жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан дагы жогорку деңгээлге чыгарууга кошумча мүмкүнчүлүк берээри белгиленди.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий