• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 30.04 - 05.05. 2018

Аналитика 0

Газ тарифи. Кыргызстандын калкы үчүн жаратылыш газынын 2018-жылдын май айына болгон тарифи – 1 кубометр үчүн 14,41 сомду түзгөн. Ал эми өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн бардык салыктары менен 1 кубометр үчүн 17,67 сомду, сатуудан алынган салыкты эске албаганда 1 куб метр үчүн 17,51 сомду түздү.

Соцобъектилерге каражат. Кыргызстан өкмөтү бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү. Өкмөттүн тийиштүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буйрукка ылайык, республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 204 444 400 (эки жүз төрт миллион төрт жүз кырк төрт миң төрт жүз) сом өлчөмүндөгү акчалай каражат бөлүнгөн.

Көңүл чордонунда – ирригация. “Кыргыз Республикасынын ирригация системасын реконструкциялоо” долбоорун ишке ашыруу максатында 6 суу чарба объекттерин куруу үчүн Кытай Эл Республикасы тарабынан грант катары бөлүнгөн 32 млн АКШ доллары багытталат.

Долбоордун алкагында Ысык-Көл, Баткен, Талас жана Чүй облустарында суу чарба объекттерин куруу жана реконструкциялоо каралган.

Бул долбоордун башталышына Президент С.Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында старт берди.

Салык бузуучулары. Республиканын салык органы 2018-жылдын 3 ай ичинде ар кандай салык мыйзамы боюнча бузуулар аныкталган 4717 субъект ишкерлерин аныкташкан.

Мыйзам бузуулардын арасында уруксат документтеринин жоктугу (2191), патенттин жарактуу мөөнөтүнүн аяктап калгандыгы (438), көзөмөл-кассалык жабдуулардын жоктугу (391) же бузук көзөмөл-кассалык жабдуулардын пайдаланылышы (51), чектин басылып чыгарылбагандыгы же чек берилбегендиги (859), акциздик белгинин жоктугу же алардын дал келбөөсү (49) өңдүү бир топ мыйзамсыз көрүнүштөр бар (738).

Салыкчылар салык көзөмөлү боюнча 11 миң 771 рейд жана текшерүү үчүн товарларды сатып алуу иш-чараларын өткөрүшкөн. Алардын жүрүшүндө 8 миң 267 субъект салык текшерүүсүнөн өтсө, ишкерликтин 3 миң 504 субъектисинде текшерүү үчүн товарлар сатылып алынган.

Бардыгы күрөшкө. “Мамлекеттик системада коррупцияга каршы күрөш күчөйт”, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагындагы Ысык-Көл районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Президент билдиргендей, коррупция менен күрөшүү президенттик ишиндеги эң артыкчылыктуу багыт бойдон кала берет.

«Эл башкарам дегендер эң биринчи кезекте өзү таза болуш керек. Антпесе коррупцияны жеңүү татаал болот. Укук коргоо органдарында, сот системасында, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында да коррупцияга каршы күрөш токтобойт, күчөйт. Бардык бийлик бутактарында күчөйт, өзгөчө элге кызмат көрсөткөн мамлекеттик структураларда», - деп баса белгиледи Жээнбеков.

КУЭТ бюджет кирешесине. “Кыргызстан Улуттук электр түйүндөрү” ААКнын ишмердүүлүгү боюнча Эсеп палатасынын пландык аудитинин жыйынтыгы боюнча, 2016-жылы республикалык бюджетке 4 млн. 973 миң сом түшкөн.

Аудиттин жүрүшүндө бюджеттин 4 млн. 972,2 миң сомдук резерви аныкталган. Алардын ичинен 708,7 миң сом ААКдагы тарифке киргизилген чыгымдардын үнөмдөлүшү болсо, 4 млн. 264,5 миң сом компания тарабынан антимонополия органы менен макулдашпастан көрсөткөн акылуу кызматтар болгон.

Аудит белгилегендей, ААК факты жүзүндө 1 млрд. 214 млн. 133,5 миң сомдук насыя милдеттенмелери болгонуна карабастан аларды жабуу үчүн 660 млн. 916 миң сом короткон.

Унааларды бажыдан өткөрүү көбөйдү. 2018-жылдын 4 айында бажы кызматы казынага 12,9 млрд. сомдун түшүүсүн камсыз кылды. 2018-жылдын I кварталына карата бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 7,7 млрд сом деп болжолдонгон. 2017-жылдын I кварталына салыштырганда өсүү темпи 122,4% же 1,4 млрд. сомдон ашык сумманы түздү. Бажы кызматы казынага 9,4 млрд. сом бажы төлөмүнүн түшүүсүн камсыз кылды, бул болжолдонгон көрсөткүчтөн 121,7% түздү же 1,7 млрд. сомго көп болду.

2017-жылдын I кварталына салыштырмалуу казынага түшкөн бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 49,0% же 3,1 млрд. сомго көбөйгөн.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий