Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү 3,7 млрд долларга жетти

Экономика 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү 3,7 млрд долларга жетти, — деди Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Бишкекте өткөн семинарда.

Улуттук банктан билдиришкендей, семинарга депутаттар — Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө акча-кредит саясатына, финансы-кредит уюмдарын өнүктүрүүгө жана жөнгө салууга, төлөм системасына, ошондой эле накталай акчага жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого тиешелүү маселелер каралды.

Кубанычбек Бөкөнтаев семинардын катышуучулары алдында сөз сүйлөп жатып, учурда геосаясий жагдай сакталып турган жана азык-түлүк менен азык-түлүктөн башка товарлар рынокторунда дүйнөлүк баалардын өсүшү шартында, Улуттук банктын иши тышкы факторлордун таасирин азайтууга жана улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоого багытталгандыгын белгиледи.

"Тышкы экономикалык жагдай алгылыксыз болгондугуна карабастан, 2023-жылы Кыргызстанда макроэкономикалык жана баа туруктуулугун сактоого жетиштик. Алсак, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляциянын жылдык деңгээли эки эсеге – 14,7 пайыздан 7,3 пайызга чейин төмөндөгөн, ал эми 2024-жылдын май айында инфляция жылдык мааниде алганда 4,4 пайызды түздү", - деди ал.

Ал белгилегендей, 2023-жылы Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү 2,8 млрд АКШ долларына, 3,2 млрд АКШ долларына чейин көбөйгөндүгү, ал эми өтүп жаткан жылдын май айында 3,7 млрд АКШ долларына жеткендиги белгиленди, бул буга чейин катталган көрсөткүчтөрдүн эң эле жогоркусу болуп саналат.

Ошондой эле Улуттук банктын төрагасы республиканын банк жана төлөм системаларынын негизги көрсөткүчтөрү кыйла жогорулап жаткандыгын белгиледи.

"Төлөм системасын өнүктүрүү боюнча алдыга коюлган милдеттер ийгиликтүү ишке ашырылды. Соода жана тейлөө ишканаларында орнотулган QR-коддордун саны беш эсеге көбөйүп, 52 миңден ашты", - деди ал.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын ишинин оң натыйжаларын белгилеп, калк үчүн кредиттердин жана банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, финансы-кредит уюмдарынын ишин өркүндөтүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу, ошондой эле мындан ары башка иштерди жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында экономиканын учурдагы абалы, валюта рыногундагы жагдай, республиканын банк жана төлөм системаларынын тенденциялары жана өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий