• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткен облусунда жеңилдетилген каржылоо долбоору боюнча 145,1 млн сом берилди

Экономика 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында КР министрлер кабинетинин тескемеси менен "Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2" долбоору бекитилген.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда. Аларды кредиттөө көлөмү 350 млн сом суммасын түзүүдө.

2023-жылдын 9-ноябрына карата долбоордун алкагында Баткен облусунун 162 ишкердик субъекттерине 145,1 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди.

Пикир

Оставить комментарий