• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүн Бишкектин түндүк тарабында суу жок болот

Коом 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Бишкекте түндүк тарабында 13-ноябрда суу жок болот, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 22:00гө чейин "Белинский" суу алгычында жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Ичүүчү суу төмөнкү көчөлөрдө өчүрүлөт: М. Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек-Жолу проспектиси, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү.

"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий