Кыргызстандын эл аралык университетинде окуган чет өлкөлүк 1200 студент мекенине кайтты – ректор

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын эл аралык университетинде окуп жаткан 1200 студент мекенине кайтты. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдын ректору Асылбек Айдаралиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган университетте жалпысынан 3 миңдей чет элдик студент билим алат.

“18-майга караган түнү болгон окуядан кийин биздин университетте окуп жаткан 1200 студент өз өлкөсүнө кетти, алардын 90 пайызы пакистандык студенттер. Мекенине кайткан студенттердин басымдуу бөлүгү 1-2-курстун студенттери, ал эми жогорку курста окугандар Кыргызстанда калышты. Жаракат алган студенттер университеттин ооруканасында дарыланууда”, - деди Асылбек Айдаралиев.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 28 миң 800 чет элдик студент билим алууда. Анын басымдуу бөлүгүн Индия жана Пакистандан келген студенттер түзөт.

Эскерте кетсек, Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү кыргыз жарандары менен чет элдик студенттердин ортосунда башаламандык орун алган. Анда бир нече жаран жаракат алган. Окуянын чоо-жайы.

Пикир

Оставить комментарий