Кыргызстандын элчиси Шри-Ланканын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын жаңы дайындалган элчиси Аскар Бешимов Шри-Ланканын президенти Ранил Викрмесинхеге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-ланкалык салттуу достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Шри-Ланканын президенти Ранил Викремесингхе Элчи Аскар Бешимовду жылуу кабыл алып, ага Шри-Ланка менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо боюнча ийгилик жана жемиштүү иш каалады.

Элчи Бешимов КР президенти Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун айтып, кыргыз-ланкалык эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий