• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Артыкбаев Монголиянын Жарандык авиация башкармалыгынын башчысы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Монголия өкмөтүнүн Жарандык авиация башкармалыгынын башкы директору Чимэддоржийн Монхтуяа менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда жарандык авиация тармагындагы кызматташуунун келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз кылды.

Айбек Артыкбаев Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда аба каттамдарын ачууга кыргыз тараптын кызыкдар экенин белгилеп, ушуга байланыштуу монгол тараптын эки өлкө ортосунда түз аба каттамдарын уюштуруу үчүн монгол авиакомпанияларын тартуу мүмкүнчүлүгүнө көңүлүн бурду.

Тараптар Кыргызстан менен Монголиянын жарандык авиация ведомстволорунун мындан аркы жемиштүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыгына ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий